Марал Радиосу

Сегиз жыл мурун кылмыш кылып, качып кеткен адам Орусиядан кармалды

Сегиз жыл мурун Кыргызстандан кылмыш жасап, качып жүргөн адам Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2014-жылы Аламүдүн районунан аёосуз сабалган 1989-жылы жана 1990-жылы туулган эки жигит оор абалда ооруканага түшкөн. Алар топтошкон адамдар сабап кетишкенин милиция кызматкерлерине билдирген.

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси жана 28-беренеси менен иш козгогон. Ыкчам издөөнүн жүрүшүндө 6 шектүү Кыргызстандын аймагынан, 2 шектүү чет өлкөдөн кармалган. Дагы 1 адам 1993-жылы туулган К.М. качып кетип, табылбай жүргөн.

Сегиз жылга чукул убакыттан бери качып жүргөн шектүү 2021-жылдын жай айында Якутиядан кармалып, 2022-жылдын февраль айында Кыргызстандын күч органдарына өткөрүлүп берилди.