Марал Радиосу

Ташкентте 160 гектар аянтты ээлеген олимпиадалык шаарча курулат

7-февралда президент Шавкат Мирзиёевге Ташкентте курулушу пландалып жаткан болочок Олимпиада шаарчасынын долбоору тааныштырылды.

Таанытымда 160 гектар аянтты ээлейт деген олимпиадалык шаарчанын эскизи көрсөтүлдү. Анда бардык керектүү инфраструктура, универсал стадион, ачык жана жабык спорт комплекстери, турак жайлар, мейманканалар, Чирчик дарыясынын жээгиндеги спорт комплекси камтылган.

Бул имараттар ири мелдештер үчүн пайдаланылат, ошондой эле келечектеги олимпиадалык резерв институту үчүн окуу базасы катары кызмат кылат.

Өзбекстан 2025-жылы жаштар арасындагы IV Азия оюндарын өткөрөт. Чечим 2019-жылдын сентябрь айында Дохада өткөн Азия Олимпиадалык Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Өзбекстан Министрлер Кабинетинин буга чейин мелдешке даярдык көрүү чаралары жөнүндө токтому бекитилген.