Марал Радиосу

Бээжин-2022: Кытай медалдардын саны боюнча алдыда келатат

Бээжин шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында Кытай медалдардын саны боюнча алдыга чыкты.

Бүгүн, 8-февралда Кытай 3 алтын, 2 күмүш медаль менен биринчи орунду ээледи. Ал эми экинчи орунда 3 алтын жана 1 коло алган Швеция, үчүнчү орунда 2 алтын, 3 күмүш жана 3 коло алган Орусия курамасы келатат.

Олимпиадага Кыргызстандын атынан Максим Гордеев барды. Ал 16-февраль күнү жарышка түшөт.