Марал Радиосу

Бишкек мэриясы: Унааңызды дарактын астына койбоңуз

Бишкекте дарактын бутактары карды көтөрө албай сынып кетип, кооптуу абал жаратып жаткандыктан мэрия унаа токтотууда этият болууну эскертет.

Ошондой эле бутагы сынып кетүүсү мүмкүн делген же сынып түшкөн дарактарды көргөн шаардыктардан 32-62-33; 0504 21 06 00 номурлары аркылуу «Тазалык» муниципалдык ишканасына кабарлап коюуну өтүнөт.

Андан тышкары ушул өңдүү маселелерди мэриянын Call-борборуна 1840 жана 1850 номурларына чалып айтып, фото, видео фактыларды 0554 -182-185 Ватсапп номурларына жөнөтүүгө болот.