Марал Радиосу

Кыргызстан Кытайга соя экспорттойт

Президент Садыр Жапаров Бээжинге жасаган иш сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Анын жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Андан тышкары бир катар документтерге кол коюлду:

— Кыргызстандан Кытайга соя экспорттоо боюнча протокол;

— 2021-2024-жылдарга КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;

— КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маалымат каражаттарын жана басма сөздү башкаруу башкармалыгынын ортосунда классикалык адабий чыгармаларды которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;

— КР Улуттук статистика комитети менен КЭР Улуттук статистика бюросунун ортосунда статистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;

— КР Экономика жана коммерция министрлиги менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосунда жашыл чөйрөнү өнүктүрүү үчүн инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандум;

— Бишкек шаары менен Цинадо шаарынын ортосунда Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүнөн Алыкулов, Кустанай көчөлөрүнө чейинки батыш аймагын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.