Марал Радиосу

Бээжиндеги Олимпиада оюнчуларынан коронавирус катталды

Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарына келген 10 адамдын коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу «Бээжин-2022» уюштуруу комитетинин жекшемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө айтылды.

Мааалым болгондой, 5-февралда Кытайга 305 адам, анын ичинен 190 спортчу жана расмий 115 адам келген. Аэропорттон жана оюнчулар жашаган «жабык чөйрөдөн» алынган ПЧР-тесттин жыйынтыгында 6 спортчу, 4 расмий өкүлдөн инфекция табылган.

Бээжин кышкы Олимпиадасы 4-февралда башталган.