Марал Радиосу

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,8 млрд куб метрге чейин азайды

Бүгүн, 7-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 840 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 132 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 456 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин, башкача айтканда, кооптуу чекке жеткен.