Марал Радиосу

Бүгүн Пекин шаарында Кыргызстан жана Кытай лидерлери жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-февралда Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

Си Цзиньпин Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого жана энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу сөз болуп жатат.

Ал ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун жана үч өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн, бул бүткүл Борбордук Азия үчүн абдан маанилүү экенин кошумчалады.