Марал Радиосу

Сокулукта жабыркаган баланын атасы Акыйкатчы аппаратына арыз жазган

Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулукта зордук-зомбулукка кабылган эки жашар бөбөктөн кабар алып, ата-энесинен окуянын себептерин тактады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала учурда Сокулуктагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланып жатат. Анын атасы Өзбекстандын 25 жаштагы жараны К.Н. 2013-жылы Кыргызстанга көчүп келген.

Баланын атасынын айтымында, ага жумуш берген 35 жаштагы С.А. аттуу киши анын балдарына жана өзүнө буга чейин эле зомбулук көрсөтүп келген. Жумуш берген кишиге карыз болуп калгандыктан улам үй-бүлөсү кулчулукка кабылган.

Жабыркаган бөбөктүн атасы Акыйкатчы аппаратына арыз жазып, С.А. аттуу кишинин кол алдында башка адамдар да бар экенин билдирди.

Аскат Азарбеков жабыркаган баланын 21 жаштагы апасы менен да сүйлөшкөн. Ал азыр баланын атасы менен жашабай турганын, жумуш берүүчү С .А. менен жашап жатканын айткан.

Аталган кыраал Акыйкатчы институтунун тийиштүү профилинин көзөмөлүнө алынды. Анын алкагында балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берүү, атасынын документтерин калыбына келтирүү жана башка укуктук жардамдар көрсөтүлө турганын айтылды.

Эске салсак, 3-февраль күнү кечинде Сокулук аймактык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Кыйноо») боюнча бирдиктүү реестрге катталган. Милиция кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 35 жаштагы тургунун кармаган. Баланын ата-энеси анын малын карап иштечү.