Марал Радиосу

7-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 7-февралда айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -1…+2, күндүз 0…2.