Марал Радиосу

Укук коргоочулар Сокулукта сабалган баланы Бишкекке которууну суранууда

«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков менен биргеликте Сокулук районунда зордук-зомбулукка кабылган баладан кабар абалды.

Райондук оорукананын башкы дарыгери укук коргоочуларга алган жаракаттарын айтып, баланын жыныстык органдары бүтүн экенин, бирок көк ала так бар экенин белгиледи.

Ошондой эле активисттер баланын атасы жана апасы менен сүйлөшүп, ата-энесинин өтүнүчү менен юридикалык жардам көрсөтүлө турган болду.

Укук коргоочулар Башкы прокуратурадан ымыркайдын мыкаачылык менен сабалышы боюнча ишти иликтөөнү адилеттүү жүргүзүүнү талап кылууда.

Мындан тышкары алар Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден баланы Бишкекке дарыланууга которууну суранышууда.

Эске салсак, 3-февралда Сокулук аймактык ооруканасына эки жашар наристе сабалган абалда түшкөн. Бул факт Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан бирдиктүү реестрге катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version