Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75-чакырымын) оңдоп-түзөө иштери жакынкы айларда башталат. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Данияр Иманалиев Жогорку Кеңештин «Ишеним» жана «Ынтымак» фракцияларынын депутаттары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнү транспорт министрлиги тарабынан тиешелүү документтер даярдалды.
«Жолдун долбоору 2015-жылы Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен башталган. Бүгүнкү күнү транспорт министрлиги тарабынан тиешелүү документтер даярдалды. Эл аралык талаптар боюнча 90 күндөн кийин тендер жарыяланат. Жолдун жалпы узундугу 47 чакырым, наркы 116 млн долларга мерчемделген. Анын ичинен 7 көпүрө курулат», — деди ал.
Белгилүү болгондой, Баткен — Ош — Бишкек шаарларын туташтырган жол каттамы жараксыз абалга кептелип, айдоочуларга мүшкүл жаратып келет.
Жыйынтыгында эки фракциянын сунушу менен жолдун курулушун тездетүү боюнча Министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берүү чечими кабыл алынды.
«Ишеним» жана «Ынтымак» фракцияларынын көчмө жыйыны Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан айылдарда уланууда.