Марал Радиосу

Бишкекте Сабырбек Жумабековду колдоо митинги болуп өттү

Бишкек шаарындагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өттү.

Митингге чыккандар Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун өзгөртүүгө каршылыгын билдирип, башкы дарыгер, академик Сабырбек Жумабековдун ордунда калуусун, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иштен алынуусун, таластыктар тууралуу айткан негизсиз сөзүнө жооп беришин талап кылышты.

Митингдин соңунда катышуучулар өлкө президенти Садыр Жапаровго төрт пункттан турган кайрылуу жолдошту.

Айта кетсек, кечээ, 4-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун клиникалык тез жардам ооруканасы кылып өзгөрткөн чечимге кол койгонун, мунун негизинде борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду кызматтан алганын маалымдаган.

Андан тышкары кайра түзүлгөн оорукананын жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырган.

Бейшеналиев: Сабырбек Жумабеков кызматынан бошотулду

Exit mobile version