Марал Радиосу

Президенттин Кытайга алгачкы иш сапары: Мамиле кандай өзгөрөт?

Президент Садыр Жапаров 3 күндүк иш сапары менен Кытайга барды. Сапардын жүрүшүндө Жапаров Бээжин шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Анда эки өлкөнүн 30 жылдык алакасынын жыйынтыгы чыгарылып, мындан кийинки инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланат. Жолугушууда эң негизги маселе катары «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору каралат. Кыргыз-кытай мамилесинин келечеги жана күтүүлөр боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен президент Садыр Жапаров 3-февралда Кытайдын Бээжин шаарына иш сапары менен барды. Өлкө башчыны Кытайда президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова коштоп жүрөт.

Сапардын алдында президент кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышып, Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулай турганын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирген:

«Президенттер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу тууралуу болору айтылды. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап «Эркеч-Там» жана «Торугарт» өткөрмө бекеттеринин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр».

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 29-январында кол койгон «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыкты аткаруу максатында башкаруусун 100% мамлекет көзөмөлдөгөн «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлгөн. Аталган холдинг тоо-кен тармагына реформа жасай турганы айтылган.

Бүгүнкү күндө Кытай ишканалары көбүнчө тоо-кен тармагында иш алып барат. Мисалга алсак, Тогуз-Торо районундагы «Макмал» алтын кенин иштетүү боюнча 2019-жылдын 27-мартында «Кыргызалтын» жана кытайлык «Мансон Групп» ишканасынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлган. Андагы «Кыргызалтындын» үлүшү 30 пайызды түзөт, ал эми Кытай компаниясынын үлүшү — 70 пайыз. 1969-1980-жылдары геологдор айтылган кенде 54 тонна алтын запасы бар экенин аныктаган. Андан соң 1986-жылы ачылып, ишин баштаган. Учурда кенде 8 тонна алтын калганы айтылууда.

Ал эми Кемин районундагы «Талды-Булак-Сол-Жээк» кенин иштетүүгө биргелешкен кыргыз-кытай «Алтын кен» ишканасы лицензия алган. Ишкананын үлүшүнүн 60%ы Кытайдын «Цзыцзинь» компаниясына, 40 пайызы «Кыргызалтын» ишканасына таандык.

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков тоо-кен тармагын иштетүү үчүн жакшы мыйзам жана жоболорду кабыл алуу, мыйзамдардын аткарылышын талап кылууда Американын компаниясы болобу, Кытайдын компаниясы болобу, баарына бирдей көзөмөл жүргүзүү керек экенин белгиледи.

Ошондой эле ал долбоорлорду кабыл алууда экономикалык көрсөткүчтөр аныкталып, социалдык пакет түзүлүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен гана кендерди иштетүүгө боло турганын эскертти.

«Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагында иштеп жаткан Кытайдын көп компаниясы бар. Биздин адистер туура маселелерди коюп, төлөмдөрдү аныктап, иш алып барсак жакшы болот. Мисалы, «Алтын кен» былтыркы жылга чейин төлөмдөрдү төлөбөй келген болсо, мына 2020-жылдан бери «Кыргызалтындын» мекеме жетекчилери, жетекчилер кеңеши аябай жакшы иш алып барып, чоң суммадагы 1,5 млрд сомду казынага түшүрүштү. Ошондой иштер жүргүзүлүп турса, тоо-кен тармагынан ал кайсы өлкөнүн компаниясы болбосун, жакшы пайда тапсак болот».

Иш сапардын алкагында негизги маселелердин бири «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» эл аралык темир жол линиясын куруу болору айтылды. Темир жол салуудагы Кытайдын кызыкчылыгы Нарындагы «Жетим-Тоо» темир кени экени айтылып келет.

«Жетим-Тоо» кени темирдин запасынын көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Алты аймактан турган кендин узун-туурасы 40 чакырымга созулуп, жалпысынан 3 млрд 344 тонна темирдин запасы бар.

Ошол эле учурда Кытайдын темирге болгон талабы чоң, анткени бир жылда миллиард тоннага чейин темир рудасын башка  өлкөлөрдөн алып келет.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол боюнча бир нече маршруттук план иштелип чыгып, бирок бир да чечим кабыл алына элек. Негизи төрт багыт бар. Анын үчөө Торугарттан башталып, Кара-Сууга же Жалал-Абадга кошулат. Дагы бир багыт Эркеч-Там — Сары-Таш аркылуу башталып, Ошко барат.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев аталган долбоорлордун бирөө Кыргызстан үчүн өтө ыңгайлуу, андыктан кыйла узун жана бир топ чыгымы көп экенине карабай, долбоорду ишке ашыруу керек деп эсептейт.

Анын айтымында, Өзбекстан эң кыска жол Ат-Башынын Арпа жайлоосу аркылуу өтүп, андан ары Өзгөндөн Өзбекстанга өтүп кеткен долбоорду ишке ашырууга өтө кызыкдар болуп келет. Бирок андан Кыргызстанга эч кандай пайда жок, пайдасын Өзбекстан гана көрүп калат. Ал эми Кытай өндүргөн товарларын алты мамлекетке: Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Ооганстан, Иранга чыгарууга кызыкдар.

«Ошол үч варианттын кайсынысын Кытайга жибергенин биз да жакшы билбей турабыз. Бирок ошол үч долбоордун бирөө кыргыз элине абдан пайдалуу, Нарын обулусунун экономикасын, инфратүзүмүн жакшыртмак. Андан ары өтүп Жалал-Абаддын экономикасын көтөрүүгө шарт түзүлмөк. Ушул варианты өтүп кетсе, абдан жакшы болот эле, бирок өкмөт кайсы вариантын жибергени белгисиз болуп жатат. Мен айтып жаткан варианты узагыраак, бирок кыргыз элинин экономикасын көтөрөт. Мисалы, Нарын дарыясын бойлоп, Ат-Башы ГЭСинин жанынан өтсө, дарыянын боюндагы айылдардын баарынын экономикасына жакшы таасир этет, жумуш орундары пайда болот. Анча-мынча кымбатыраак, бирок кымбат жагын Кытай менен соодалашуу керек. Кытай тарап бул жолдун салынышына абдан кызыкдар, анткени жол аркылуу алты өлкөгө өзүнүн өндүрүмдөрүн жеткиргиси келет. Кытай тарап бир жума мурун ушул тармакты өнүктүрүү үчүн 500 млн доллар бөлүнүп жатканын билдирди. Биздин президент да ага жакшы жооп берип, сунуш даярдай турганын айтты».

Кыргыз бийлиги коронавирус пандемиясынын алдын алуу максатында 2020-жылы 1-февралда кыргыз-кытай чек арасын толугу менен жаап, аба каттамдарын токтотуп койгон. Муну менен эки өлкө ортосундагы мамиле солгундап, бүгүнкү күнгө чейин аба байланыш ачыла элек. Президенттин сапарында бул маселе да сүйлөшүлөрү айтылды.

Кытай менен экономикалык алакаларды тереңдетип, эки өлкөнүн мамилесин жакшыртуу аракеттеринде тоо-кен тармагына эмес, башка, мындан да келечектүү, ар тараптан пайда, эффект алып келүүчү тармактарды камтышы керектигине экс-дипломат Азат Эркебаев токтолду.

«Президентибиздин Кытайга иш сапарында акыркы маалда бир аз солгундай түшкөн соода-экономикалык кызматташууну жандандыруу, жаңы багыттарды ачып, өнүгүп-өсүшүнө шарт түзүү, инвестиция тартуу маселелери кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн өзөктүү, олуттуу бөлүгүн түзүп, бул жаатта кайсы бир макулдашууларга алып келишине үмүт артам. Менимче, «ырынан да чыры көп» болуп бараткан тоо-кен тармагына көбүрөөк басым жасалып эмес, жакшы натыйжалар, аракеттер тескерисинче, башка, мындан да келечектүү, ар тараптан пайда, эффект алып келүүчү тармактарды камтышы керек. Ушул келечектүү багыттардын сап башында Жапаров туура сыпаттагандай, флагмандык долбоор «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу жана башка транспорттук-коммуникациялык маршруттар, транзиттик коридорлор турушу керек, бул — замандын, дүйнөлүк экономиканын талабы. Булардын аркасынан соода-логистикалык борборлор, эл аралык чек ара соода борбору, мисалы, «Эркеч-Тамга» жакын тогуз жолдун тоому Сары-Таш жергесинде, энергетика жаатында ири же чакан ГЭСтерди куруу, көмүрдү экспорттоо, кыргыз айыл чарба өндүрүмдөрүн Кытайга экспорттоо, ушул өндүрүмдөрдү кайра иштетүүгө тикелей инвестиция жана жаңы заманбап технология, урук, үрөн тартуу, сооданын жаңы формасы – электрондук-санариптик коммерцияны өнүктүрүп, аны Кыргызстан аркылуу Борбордук Азияга жайылтуу».

Солгун тарткан кыргыз-кытай мамилесинде бир аз жандануу бар экенин, «Эркеч-Там» жана «Торугарт» бекеттеринен күнүнө 80-100 жүк ташуучу унаа өтүп жатканын буга чейин Өкмөт билдирген.

Exit mobile version