Марал Радиосу

УКМК: Чүйдө курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылды

Чүй облусунда курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылды. Бул тууралуу  УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Тактап айтканда, жашыруун жайдан Макаров тапанчасы (ПМ), Калашников автоматынын 5,45 жана 7,62 калибрдеги бир нече гильзасы жана Макаров тапанчасынын 9 мм огу, унаанын Казакстанга таандык номуру, ошондой эле жардыргыч түзүлүштөрдү колго жасоо үчүн башка заттар алынган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, табылган курал-жарак, ок-дары кылмыш жасоо үчүн даярдалып жаткан болушу мүмкүн.

Куралдардын кайдан алынганы, аны жашыруун сактоону уюштурган адамдар аныкталууда.