Марал Радиосу

Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

«Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болору 2021-жылдын август айында белгилүү болгон.

«Марал» радиосуна өздүк булактардан билдиришкендей, саясатчыга элчи болууга сунуш түшкөн жана керектүү документтери чогултулуп, Германияга кароого жөнөтүлгөн. Элчиликке дайындалуу боюнча акыркы чечим 10-сентябрга чейин чыгат деп айтылган.