Президенттин жарлыгынын негизинде Айыл чарба министрлиги иштеп чыгып, Министрлер кабинетине сунуштаган №309 токтом айыл чарбадагы негизги үч көйгөйлүү багытты жакшыртууну көздөйт. Мындай пикирин айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев «Маралдын» эфиринде билдирди.
Байдылдаевдин айтымында, токтом айыл чарбада негизги көйгөй болгон азык-түлүк коопсуздугун сактоо, сапаттуу үрөн өндүрүү, асыл тукум мал асыроо багыттарын калыпка салууга арналган. Анүчүн атайын кооперативдерди, фермердик чарбаларды өнүктүрүү зарылчылыгы турат.
«2021-жылдын башында 269 фермердик чарба Айыл чарба фондунун 6 миң гектар гана жерин иштетип келген. Ошол эле учурда 149 үрөн чарба болсо, бүгүнкү күндө анын 96сы гана калды. Алардын баары эле өз багытында иштеп жаткан жери жок. Бул боюнча Айыл чарба министрлиги мониторинг жүргүзүп, критерийлери аныкталбаган чарбалардын статусун жокко чыгарды», — деди Байдылдев.
Ал белгилегендей, бул боюнча учурда Чүй облусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айтсак, облустагы сегиз райондун төрт районундагы Айыл чарба фондуна тиешелүү жерлерге кайра каттоо жүргүзгөндө бир нече гектар жерди бир адам же бир ууч топ «басып алган» учурларга күбө болушкан.
«Фактылар менен айта кетсем, Жайыл району боюнча калкынын саны 60 миң 157 адам болсо, алардын 923ү гана ижарачы; Панфилов районунда калктын саны 37 миң 408 адам болсо, 337 ижарачысы бар. Чүйдүн райондорунда жер каттоо дээрлик аяктады. Андан аныкталгандай, Панфилов районунда бир эле адам 350 гектар жерди ээлеп алган экен. Жайыл районунда бир эле дыйкан чарба Айыл чарба фондунан 720 гектар жер алыптыр. Мындай фактылар Чүйдүн бардык райондорунда катталып жатат. Албетте, анан нааразычылык жаралат. Ким эле колунда турган май-талканды берип салгысы келсин», — дейт министрдин орун басары.
Ошол эле учурда Айыл чарба мамлекеттик фондунун эсебинде турган жерлер гана өздөштүрүүгө берилерин, жалпы элдин менчиги ошол эле бойдон каларын кошумчалап өттү Байдылдаев.