Марал Радиосу

Салман Хандын «Дүйнө мектеби» китеби эми кыргыз тилинде

«Дүйнө мектеби» китеби Хан Академиясы деп белгилүү болгон онлайн-мектептин негиздөөчүсү Салман Хандын калемине таандык. Бул китепти кыргыз тилине «Китепстан» басма үйү которду.

Аталган китепте технология менен билим берүүнү кантип айкалыштырып, адам факторун алдыңкы планга чыгаргандыгын Хан Академиясынын негиздөөчүсүнүн өз калеминен окуйсуз. «Дүйнө мектеби» билим берүү тармагындагы реформалардын келечегине багыт берүүчү китептердин бири.

Бул китеп каалаган адамга, каалаган жеринде дүйнөлүк деңгээлдеги акысыз жеткиликтүү билим берүү феномени жөнүндө. Окуя мурдагы инженер жана хедж фонддун венчур капиталисти Салман Хандын математикадан кыйналган жээни Надяга онлайн сабак өтүшү менен башталат. Бүгүн миллиондогон окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер Хан Академиясынын акысыз видеосабактарын жана программаларын колдонушат. Көптөгөн новаторлор сыяктуу эле, Салман Хан дагы мугалимдерди лекциялардан жана мамлекеттин буйругу менен түзүлгөн план-программалардан арылтуунун жолдорун ойлонууга түртөт.

Китепти кыргыз тилине Алтынай Токтоматова которгон. Китептин кыргызча котормосуна КР экс-президенти Роза Отунбаева баш сөз жазган. Китептин даярдалышына салым кошкондор: редактор Асылбек Жоодонбеков, Роза Абдыкулова, корректор Жетиген Асанбек, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева, @KhanAcademykyrgyz өкүлү Гүлзире Минбаева, дизайнер Сыргак Абдырасов жана Глобал Принт басмаканасынын директору Кеңеш Кадыров.