Марал Радиосу

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам — эң эффективдүү иштеген мыйзамдардын бирине айланды

Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирет. Бирок алардын арасынан натыйжалуу иштеп кеткендери саналуу гана. 2016-жылы өлкөдөгү аялуу катмардын акысыз юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип,  мамлекет тарабынан кабыл алынган. “Социалдык тейлөөлөр” коомдук фондунун негиздөөчүсү Бурулсун Сүйүналиеванын айтымында, бул мыйзам жарандардын көйгөйүн чечүүдө натыйжалуу иштеп кеткен мыйзамдардын бири болуп саналат.

“Мисалы, Кыргызстанда өтө көп мыйзамдар кабыл алынганы менен, аны ишке ашыруу кыйын. Бул МКЮЖ тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына БУУӨПтүн салымы чоң болду. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан админстративдик колдоо болуп, атайын борборлор ачылды. Муну ишке ашырууда бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик мекемелердин эриш-аркак иштегенин үлгү катары айтсак болот. Анткени биргеликте иш алып берүү менен мыйзамдын натыйжалуу иштеп кетүүсү камсыздалды. Мен жумушума байланыштуу калктын ар түрдүү катмары менен жолугам. Тренигдердин биринде катышуучулардан сурамжылоо өткөргөндө “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” жөнүндө 20%дан көбүрөөк катышуучунун маалыматы бар экен. Бул мени чынында таң калтырган. Демек, калкка маалымат жеткирүү жакшы иштеп жатат”.

Кыргызстанда аялуу катмарга юридикалык акысыз жардам берүү боюнча “МКЮЖ” мыйзамы алгачкы жолу 2009-жылы кабыл алынган. Баштапкы этапта, МКЮЖ боюнча түшүндүрмө берилип, адвокаттардын мамлекеттик реестри түзүлгөн. Ошондой эле кайсы топтогу жарандар акысыз юридикалык жардам ала турганы такталган. Албетте, ошол убакта бул мыйзам эң мыкты жетишкендик болгону менен, анда кемчиликтери да көп болгон. Аталган мыйзамга оңдоп-түзөтүүлөр 2016-жылы киргизилип, жаңы мыйзам кабыл алынган. Бул ирет акысыз юридикалык жардам граждандык жана админстративдик сот өндүрүш иштерине да жеткиликтүү болгон. Ошондой эле жардам ала турган жарандардын тизмеси, тобу ж.б тактоо киргизилип, мыйзамдын ишке ашуусуна чоң өбөлгө түзгөн. Натыйжада жылына он миңдеген жарандарга мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдар жеткиликтүү болду.

БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРдагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана туруктуу сот адилеттүүлүгүнө жетүү” долбоорунун экперти Бакыта Кыдыралиеванын айтымында, 2016-жылы кабыл алынган мыйзам өз максатына жетти. Айрыкча акысыз юридикалык жардам тууралуу маалыматтарды таратууда 80ге жакын бейөкмөт уюмдардын башын бириктирген Координациялык кеңештин ролу да өзгөчө болгонун белгилейт. Ошол эле учурда акысыз юридикалык жардамдын сапатын дагы да арттыруу үчүн “МКЮЖ жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алууга убакыт жетти, — деп эсептейт эксперт Кыдыралиева.

“МКЮЖ боюнча мыйзам практика жүзүндө дагы бир катар даректүү механизмдердин керектигин көрсөттү. Андыктан МКЮЖ боюнча жаңы мыйзамда бир катар маселелерге тактоо киргизилди. Бул юридикалык жардамга муктаж жарандарга даректүү жетүүнү камсыздайт. Тилекке каршы мамлекеттин чектелүү каржылык абалы, бардык муктаж катмардын акысыз юридикалык жардам алуусуна күчү жетпейт. Ошентсе да, мыйзамдын жаңы редакциясында акысыз юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Албетте, бул мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардамдардын сапатынын жогорулашына өбөлгө болот”.

Эксперт Бакыта Кыдыралиева белгилегендей, мыйзамдын жаңы редакциясында төмөнкү пункттар негизги өзгөртүүлөр болуп саналат:

-жарандык жана админстративдик сот өндүрүшүндөгү квалификацияланган юридикалык жардамдар боюнча иштерди кеңири категорияга бөлүү каралган. Эң көп сот иштериндеги талаштын бир канча түрлөрү: үй-бүлөлүк талаш, баланы асыроо, мүлктү бөлүштүрүү, эмгек келишими, админстративдик аракеттердин же чара көрбөөнүн мыйзамдуулугу ж.б маселелер категорияларга бөлүнгөн. Ошондой эле граждандык жана админстративдик иштер боюнча квалифакциялуу жардам алуу боюнча жарандардын категориялары да так көрсөтүлгөн.

-Консультативдик-укуктук жардамдар райондук деңгээлде чечилүүсү үчүн акысыз юридикалык (алгачкы) жардам көрсөтүү бюролорун түзүүнүн атайын механизмдери бекитилген. Бул аракеттер алыскы аймакта жашаган экономикалык, социалдык коргоого алынбаган жарандардын, аялуу катмардын юридикалык жардамга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

-Квалификацилуу (экинчи) юридикалык жардам алгандардын тизмеси кеңейтилет. Мисалы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар, качкындар, жашы жете электер, турмуштун кыйын абалында калгандар, аз камсыздалган үй-бүлөлөр кирешесинин канча болгонунан көз карандысыз юридикалык жардам алууга укуктуу болушат.

Белгилей кетсек, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы тажрыйбалуу адистердин катышуусунда даярдалып, Жогорку Кеңештин кароосунда 3 окуудан өткөрүлгөн.

Exit mobile version