Марал Радиосу

АКШнын мамлекеттик карызы 30 триллион доллардан ашты

Январдын аягына карата АКШнын жалпы мамлекеттик карызы 30 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу АКШнын казына министрлигинин баяндамасында айтылат.

2020-жылдын январында жарыяланган баяндамада 2025-жылдын аягына чейин мамлекеттик карыз 30 триллион долларга жетет деп болжолдонгон эле.

Болжолдон эрте ашып кетүүгө коронавирус менен күрөшүүгө жумшалган чыгымдар таасир эткени белгиленди. АКШда көрсөткүчтөн өтүп кетүү биринчи жолу катталып жатат.

АКШнын мамлекеттик карызы 2019-жылдын аягынан бери дээрлик 7 триллион долларга өскөн.