Марал Радиосу

Жаныш Кулмамбетов: Талантты өркүндөтүү үчүн да билим керек

«Мен жана мезгил» программасынын кезектеги коногу — Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти, Кыргыз эл жазуучусу, драматург, театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов. Сөздү кынаптап сүйлөгөн, ар бир чыгарманы тереңден талдап, андан соң тыянак чыгарган, чечимди ашыкпай кабыл алган өзгөчөлүгү бар. Учурда жаш драматург, сценарийчилерди тарбиялоо менен алектенип келет.

— Жашоонун өзү театр. Ар бир адам жеке жашоосундагы чоң театрынын түзүүчүсү. Сизден театр ааламын изилдеп, кенен таанып калууңуздун себебин сурайлы…

— Биринчи актёрлук кесипти терең окуп, кийин режиссёрлукту тандап, андан соң Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр жана сүрөт институтунун театр таануу деген атайын бөлүмүн бүтүргөм. Бул тармакты иликтөөм ошондон башталды.

— Улуттук театр искусствосунун калыптануусу, өсүшү, өксүгү, азыркы абалы туурасында айтып берсеңиз?

— Театр искусствосу ар бир улутта болорун айтышыбыз керек. Бизде «театр кыргыз жерине 1926-жылы кыргыз музыкалык драма театры ачылганда келген» деген түшүнүк калыптанып калган. А изилдей келгенде чындыкка жатпайт. Аны мимесис моделиндеги же европалык, аристотелдик типтеги театр деп айтабыз. Ал эми ага чейин диегесис моделиндеги, тагыраагы, сөз өнөрү, сөз аркылуу баяндалган театр болгон. Аны биз баяндоочу же эпикалык театр деп айтабыз. Маселен, биздеги ооздон-оозго өткөн манасчылык өнөр сыяктуу театрлар көп улутта сакталып калган. Бүгүнкү учурда эң популярдуу театр диегесис модели болуп эсептелет. Жогоруда аталган моделдин өкүлдөрү: биз сыналгыдан көргөн кадимки Евгений Петросян, Михаил Жванецкий, Михаил Задорнов. Мимесис модели — Александр Македонский тарабынан таңууланган театр. Ал биздин заманга чейинки III кылымда жашаган Аристотелдин окуучусу болуп эсептелет. Бир чети атактуу инсандын окуучусу катары, бир чети император катары көп жерлерди басып алып, грек искусствосун, мимесис моделиндеги театрды таңуулоо жолу менен жайылткан. Ошол үчүн биз байыркы гректерди дүйнөлүк театрдын башаты деп эсептейбиз. Чындыгында андай эмес, ага чейин эле диегесис моделиндеги театр жашап келген.

Тарыхыбызда 1926-жылдары театрдын келишинде да калпыс, жаңылыш көз караш бар. Эми ал ошол убактагы тоталитардык мезгилдин идеологиясы үчүн керек болгон. Чындыгын айтканда, маданияттан артта калган эл катары дүйнөлүк маданияттын алдыңкы сабына кошуу эмес, тескерисинче, Совет бийлигин орнотуу максатында ачылган театр болуп эсептелет. Ошого кызмат кылуу үчүн келген театрдын 1926-жылдан 1941-жылга чейинки түзүлгөн репертуарларынын бардыгы таптык пьесалар болгон. Ошондой жол менен келип калса да, бизге улуу, кайталангыс таланттарды берди. XX кылымда Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Муратбек Рыскулов, кийинки мезгилди ала турган болсок, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Мираида Далбаева, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу инсандардын таланттарын ачып, кыргыздын улуттук маданиятын байытты.

Азыркы учурда мага: «Театрга эл барбай жаткан турбайбы?!» — деген суроо беришет. Мен аларга: «Театрга өзүңүз качан, канча жолу бардыңыз эле?» — деген контр суроо берем. Угуп айткандан көрө, көргөн жакшы. Театрга азыркы учурда көрүүчүлөрдүн кызыгуусу күчөп баратат. Ал эми 1990-жылдардан баштап, ал тарапта татаал кризис башталган. Биринчиден, Советтер Союзу жоюлгандан кийин идеологиялык багыт жоголуп, театр кайсыл нукка баруусун билбей калган. Экинчиден, социалдык жашоонун төмөндүгү биздин чыгармачыл адамдарды башка чөйрөгө кетүүгө аргасыз кылган. 2015-жылы, 20 жылдан соң, маркум Марат Козукеев «Саманчынын жолу» деген спектакль койгон. Бул театр ышкыбоздорунун кызыгуусун арттырган чоң бурулуш болду. Биринчи жолу касса толуп, кезекке туруп, билет жетпей калган учур катталган. Ошондон кийин театрга элдин агымы жакшы деп айтсак болот.

— Театрдын күзгүсү — актёр, актриса. Азыркылар өз ролун жеткиликтүү аткара алышабы?

— Биз баарын Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов сыяктуу залкарлардын бийигинен караганды жакшы көрөбүз. А чындыгында ар бир мезгилдин өзүнүн таланттары, эл сүйүп көргөн, урматтаган аткаруучулары бар. Ал жагынан алып караганда, кыргыз театрынын улуу муун калтырып кеткен эстафетасы үзүлбөстөн уланып келатат. Жаңы спектаклдер коюлуп жатат. Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары театр, кино жана кыргыздын бүтүндөй көркөм дүйнөсү үчүн аябагандай чоң гүлазык болуп эсептелет. Бүгүнкү мезгилде да Айтматовдун чыгармаларына негизделген спектаклдер биздин ушул театрдын репертуарынын өзөгүн түзүп келет. Кыргыз драма театрында «Саманчынын жолу» спектакли жүрүп жатат. Андан сырткары Назым Мендебаиров «Кылым карытар бир күн» спектаклин койду. Бул спектакль 2019-жылы ART-ORDO деген эл аралык фестивалда президенттик байгени утуп алган. Андан бери театр ремонтто жабылып турат. Буюрса, февраль айында ачылат деп күтүп жатабыз.

— Драматургиянын азыркы абалы кандай?

— Бул толкун сыяктуу. Толкундун артынан толкун келет. Демек, ушундай учурлар кыргыз драматургиясында болгон. Эгемендик алгандан тарта драматургияга кызыккан жаш муун дээрлик калбай калган. Ошондуктан тамашалап, «эң жаш драматург Султан Раев» дейбиз (күлүп). Азыркы тапта бул түшүнүктөн алыстагандайбыз. Акыркы 5-6 жылдын аралыгында драматургдардын жаш мууну өсүп чыкты. Алардын турмушту, жашоону кабылдоосу, аны көрүүчүлөргө тартуулоосу да башкача экенин көрүп жатабыз. Буюрса, беш жылдын ичинде такшалган драматургдардын жаңы толкуну келет.

— «Советбек Жумадылов тууралуу китеп жазылып жатат» деп айканыңыз бар…   

— Ал Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналып жазылган. Китептин демилгечилери: актёрдун уулу Марат Жумадылов жана анын үй-бүлөсү. «Атабыз унутта калбаса экен» деп, бир топ иш-чараларды уюштурушту. Китепте биз мурда билбеген Жумадылов жөнүндө баяндалат. Дегеним, залкар инсандын тагдыры өтө драмалуу тагдыр болуп эсептелинет. Сахнада күлүп-жайнаган, комедияларды ойногон, өзгөчө бир образды жараткан инсан экенин билебиз. Ал эми анын бир кездерде атасы эл душманы болуп айдалып кетип, энеси балдарын сактап калуу үчүн өзү жашаган Арал айылынан качууга мажбур болгонун, бала Советбек Каракол шаарында жылаңбаш, жылаңаяк окуганын көпчүлүк биле бербейт. Туулган жери Аралга барып, сагынычын таркатып, кайра келгенин эч ким билбейт. Апасы Бурул баласын торолтуп, чоңойтуу үчүн көп эмгек жумшаган. Жумадылов Ташкентке окууга өткөндө кызын алып калып, баласынын окуусуна жардам берген. Жумадылов 60 жашка чыкканда гана туугандарын тапкан. Анын театр жана кинодогу орду өзгөчө көрүнүш, кубулуш деп айтсак болот. Тоталитардык мезгилде Жараспай сыяктуу акылдуу, ак сөөк адамдын образын жаратуу менимче сахнада, чоң экранда гана калп айтпай турган сүрөтчүнүн шыбагасына тийиштүү деп айтышыбыз керек.

Китеп — менин негизги кесибим. Заказ алып жазбайм. Эгерде ошол жазыла турган тема түйшөлтсө, ал коюлабы, коюлбайбы, мени кызыктырбайт, аны сөзсүз иш жүзүнө ашырам. Бүгүн да жаңы эки чыгарманын үстүндө иштеп жатам. Бири: «Тили каткан арбактар». Мурда иштелген. Азыр ошонун үстүнөн кайра иштөөдөмүн. Большевиктердин жер-суу реформасынын башталышына быйыл 100 жыл толот. Аны биз биринчи репрессия деп айтабыз. Кыргыздын ошол кездеги ак сөөктөрүн биринчи жолу байлыгынан, бүтүндөй үй-мүлкүнөн ажыратып, сүргүнгө айдоо ошондон башталат. Совет бийлигинин кыргыздын генефондуна келтирген зыяны, залалы канчалык экенин, эл кандай трагедияга дуушар болгонун баяндаган чыгарма болот.

— Кино тармагына да салым кошуп, бир катар тасмаларга режиссёр болгонуңузду билебиз. Учурда бул жаатта кандай пландарыңыз бар?

— Жалпы эле кино жөнүндө айта турган болсок, «кыргыз фильмдери кыргыз кереметинен кийин эле өнүкпөй калган» деген түшүнүк бар. Кыргыз керемети тоталитардык мезгилдеги идеологиянын критерийинин негизинде иштелген кинолор экенин унутпашыбыз керек. Чохан Валиханов: «Кыргыз эли өтө жөндөмдүү эл болот экен. Жөн сүйлөй албайт, сөзсүз түрдө жамактап сүйлөйт», — деп айткандай, биз мына ушул эгемендик келип, демократиянын шартына жеткенден кийин, технология да мурдагыга караганда арзандап калгандан кийин кыргыздын ар бир баласы колуна камера алып, кино тартып жатканын көрөбүз. Бул — жакшы көрүнүш. Анткени биз мурда көрбөгөн жактарын азыр аңдап билүүдөбүз. Ал эле эмес, кыргыздын юмору жана анекдоттору кино болуп чыгып жатат. Бул биздин know-how деп айтсак болот. Балким, бул — башка улуттарда жок нерсе. Кээ бирлери айтат: «Эмне кереги бар эле?» — деп, а мен: «А эмнеге кереги жок эле?!» — деген суроо берем. Бул — чыгармачылыктын бир тармагы, муну токтотууга мүмкүн эмес. Бизде цензурасыз чоң прогресс жүрүп жаткан учуру. Аны тыюуга эч кимдин акысы жок.

Өзүмдүн чыгармачылыгыма токтолсом, «Сүймөнкул Чокморов жөнүндө фильм тартсамбы?» деген оюм бар. Сценарий бүткөн. Ал бала кезинен эле эрктүү болгон. Алты ай баспай калган учуру бар. Чоң-Таштан аркы Кашка-Сууга чейин барып, окуп келүү окуучу үчүн татаал болгон. Буттарына суук тийген. Баспай, төшөктө жатып калган учурда сүрөткө болгон шыгы ойгонот. Буюрса, бул фильмде улуу инсандын басып өткөн жолу баяндалат.

— Кайсыл учурду сагынасыз?

— Адам баласы үчүн кечээги күнү же балалык учуру, өткөн чагы ностальгия да. 5 жашымдан баштап «Манас»эпосун абдан жакшы билем. Анткени чоң атам Кулмамбет кадимки Актан менен тең өскөн. Тыныбек, Сагымбай, Чоюке манасчыларды көп уккан жана мыкты билген. Бирок, кат-сабаты жоюлбаган. Өзүмдүн атам баарыбызды олтургузуп, үч-төрт саат «Манас» эпосун окучу. Бул биз үчүн адатка айланып, күн сайын укчубуз. 4-класста мугалимим: «Ким болосуң?» — дегенде, «Жазуучу болом», — деп жооп бергем. 6-классымда кыргыз жазуучуларынын китебин алып, ошолордун ичинен пьеса жазып, анан өзүм коюп, мугалимдерди кошо ойнотчумун. Шакен деген эжебиз бар эле. А киши менин энемдин ролун өзүм каалагандай ойноп берчү. Кийин Ак-Талаа райондук маданият башкармалыгынын башчысы болду. Демек, таланттуу да. А мен өмүрүмдө театр тармагына аралашам деп ойлогон эмесмин. Мектепте жакшы окуп, комсомол уюмунун секретары болгом. Бизге ошол учурда «окууну бүткөндөн кийин айылда калып иштейсиңер» деген буйрук келгендиктен, калып иштеп жүрдүм. Теңтуштарым жогорку окуу жайга тапшырып кеткен. Бир күнү гезиттен «Кыргыз мамлекеттик драма театрынын алдындагы актёрдук студияга  кабыл алуу жүрүп жатат» деген жарыядагы «кыргыз тили жана адабиятынан экзамен берет» деген жазууну көзүм чалып, ошол үчүн гана тапшырып, өтүп кеткем. Азыр жазуучулуктун башка бир формасын өздөштүрүп, бала кездеги кыялымды иш жүзүнө ашырдым десем болот.

— Жаныш Кулмамбетовдун эл билбеген өнөрү… 

— Убагында театрда жарык берүүчү болгом. Бир жылдан ашуун бул кесипте иштеп, театрда жүрүп жаткан 25 спектаклди, ар бир актёрдун айткан сөзүн үтүр-чекитине чейин жатка билчүмүн. Ошол мезгилдеги кыргыз драмда иштеген актёрлордун  ким экенин, сахнада кантип ойногонун аябай жакшы билем (күлүп). Электрикмин десем да болот. Оңдоп-түзөп коюу колумдан келет.

— Жогоруда сиздин чыгармачылыгыңыз тууралуу гана сүйлөштүк. Сиздей болгон инсандын үй-бүлөсү, балдары туурасында сурай кетпесек болбос… 

— Улуу кызым актриса. Андан кийинки уулум Казакстанда таанымал ырчы, коңшу өлкөдө жүргөнүнө 20 жылдай болду. Экинчи кызым юрист. «Мен эң мыкты прокурор болом» деген. Жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аяктады. Үчүнчү кызым «Керемет көч» тасмасынын 640 сериясында Акылайдын үнүн коштогон, менин көп тасмаларыма тартылган. Бирок бул тармакка кызыкпай, таштап койду. Азыр болсо, модель. Төртүнчү кызым сүрөт тармагына өтө кызыгат жана актриса. Өзүм да таң калам, бала кезинен эле абдан таланттуу. Көп фильмдеримде роль жараткан. Бешинчи кызым журналист, бирок театр режиссёру болом деп жүрөт. Эң кичүүсү — уул. Азыр мектепте окуйт. Башында дүйнө тарыхына кызыкчу. А азыр филосифияга кызыгат. Мектептеги баланын бул тармакка кызыкканы абдан жакшы. Мен баланын каалаган, өзү тандап алган чөйрөсүнө баруусуна каршылыгым жок. Анткени, мени да учурунда атам бухгалтер болосуң дечү. Өзүмдүн ал кесипке шыгым жок экенин билчүмүн. Тандаганым жазуучулук болгон.

— Жан дүйнөңүздү эмнелер менен байытып, азыктандырып турасыз?

— Жан дүйнөмдү китеп окуу менен азыктандырам. Бала кезимде мектеп китепканасындагы, айыл китепканасындагы китептерди калтырбай окуп чыккам. Дүкөнгө кандай гана жаңы китеп түшпөсүн, баарын сатып алып окучумун. Студент мезгилде да ошондой эле көрүнүш болгон. Азыркы учурда илимий адабият, тарых көп кызыктырат. Бирок китепте жазылган окуяларга ишенип калбайм. Өзүмдүн жеке көз карашым, каршылыгым болсо, «ошону эмне менен негиздесе болот?» деп аргумент издейм. Андан сырткары чыгармачылык менен алектенем.

— Чыкылдаган сааттын жебеси бирөөлөр үчүн аябай кыска, бирөөнө өтө узак сезилет экен. Дегеним, убакытты кандай пайдаланасыз?

— Эртең менен сөзсүз түрдө компьютерди күйгүзүп алып, бир нерсе чиймелейм. Ал күндөлүк жашоомдун нормасына айланган. Андан соң мугалиммин, сабак берем. Кайрадан кечинде жазмакерлигимди улантам, китептерди окуйм. Жаңылыктарды угам.

«Азыркы жаштар туура эмес жолдо баратат» дегендерге каршымын. Анткени, биз да жаш болгонбуз. Бизди да ата-энелер ошол кезде ушундай эле ойлосо керек. Ошол үчүн бул жагына таптакыр макул эмесмин. Анткени ар бир жаштын өзүнүн өсүү, кабыл алуу жана аны кайра ишке ашыруу процесси бар. Биздин мурдагы жашообузга окшобой калса эле жаштар жаман болуп, башка жолго түшүп кеткендей көрүнбөшү керек. Менин айтарым, билим менен гана көп нерсени багындырса болот. Билимсиз эч нерсеге жете албайбыз. Ташкындаган талантты өркүндөтүү үчүн да билим керек.

Exit mobile version