Кыргызстанда бир суткада беш адам коронавирустан каза болду. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан 2889 адам көз жумду.
Акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясынын 201 аныкталды, анын ичинен алтоо дарыгер.
Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын март айынан бери коронавирустун 198 719 учуру катталган.
Бир сутка ичинде 632 бейтап айыгып чыкты. Бардык айыккандар 188 миң 775 киши.