Марал Радиосу

Польша Украинага согуштук курал-жарак берет

Польша Украинага жеңил миномётторду берүүгө даяр. Бул тууралуу премьер-министр Матеуш Моравецки Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал менен жолугушуу учурунда билдирди.

Эки тараптуу жолугушуу бүгүн, 1-февралда Киевде өттү.

«Биз Украинага он миңдеген артиллериялык ок-дары, абадан коргонуу системаларын, жеңил миномётторду, ошондой эле чалгындоочу учкучсуз учактарды жана башка коргонуу куралдарын берүүгө даярбыз», — деди Моравецки өз сөзүндө.

Буга чейин Польша Украинага учкучсуз учактарды, ок-дарыларды берери айтылган.

Орусия эч кимди коркутуп-үркүтпөй турганын жана эч кимге кол салбай турганын билдирген. «Орусиянын агрессиясы» жөнүндөгү билдирүүлөр НАТОнун согуштук техникасын Орусия чек араларына көбүрөөк жайгаштыруу үчүн шылтоо катары гана колдонулуп жатат деп Москва айыптап келет.

Ал эми Киев жана Батыш мамлекеттери Орусиянын Украинанын чек арасына жакын жерде «агрессивдүү аракеттери» көбөйүп жатканына тынчсыздануусун айтып чыгышкан.

Exit mobile version