Марал Радиосу

Улуттук госпиталга заманбап эндоскопиялык жабдуулар алынды

Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө заманбап эндоскопиялык жабдуулар алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы нейрохирургиялык жабдуулардын жардамы менен гематома, киста, кан тамыр кемтиги (артериялардын, веналардын же экөөнүн тең туура эмес байланышы), мээ аневризмасы, залалдуу шишик сыяктуу ооруларга операция жасалат.

Буга чейин бейтаптар мындай операцияларды чет өлкөдөн жасатышып, ири суммадагы акчага чыгым болуп келишкен. Эми дартка кабылгандарды Кыргызстандан эле дарылоого эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Exit mobile version