Марал Радиосу

Британ премьер-министри Японияга эмес, Украинага бара турган болду

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Японияга жасай турган сапарын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу Kyodo басылмасы жазды.

Жонсондун иш сапары февраль айынын орто ченине белгиленген. Улуу Британия тарап токтотуу себебин Украинанын айланасындагы кырдаалдын курчуп кеткенине байланыштуу деп түшүндүрдү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Борис Жонсон Япониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида менен жолукмак. Анда коронавирус менен биргелешип күрөшүү, өнөр жайда көмүртекти колдонууну азайтуу, Кытайдагы жана Украинадагы кырдаал талкууланмак.

Айта кетсек, 29-январда The Guardian басылмасы Борис Жонсон февралдын алгачкы жумасында Украинага иш сапар менен барарын жазган. Басылманын билдирүүсүнө таянып айтсак, Британ премьер-министри Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуп берүү максатын көздөп жатат.

Exit mobile version