Марал Радиосу

Өкмөттүн сайты: Салык жана бажы кызматы январда планын ашыгы менен аткарды

Мамлекеттик салык жана бажы кызматтары ушул жылдын январь айы үчүн салыктарды, бажы жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча белгиленген планды ашыгы менен аткарышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайты жарыялады.

30-январга карата Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 8 млрд 574 млн сом салык жыйнаган. Белгиленген план 106,4 %га же 514,6 млн сомго жогору аткарылган.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 3 млрд 436,1 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 166,9%).

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан белгиленген пландын көлөмү 3 млрд 359,8 млн сом болсо, январь айында (бир күндү эсепке албаганда) 4 млрд 368,3 млн сом жыйналган. Белгиленген план 130%ке, же 1 млрд 8,5 млн сомго ашык аткарылды.

Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 2 млрд 388,4 млн сомду түздү.