Марал Радиосу

УКМКнын төрагасы, өзгөчө кырдаалдар министри Баткендеги эл менен жолукту

Баткен облусунда түзүлгөн соңку кырдаалга байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек, Жаңы-Бак, Орто-Боз айылдарынын тургундары келди.

Эл менен жолугушуу Ак-Татыр айылында өтүп, жергиликтүү тургундарга Тажикстан тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилди.

Exit mobile version