Марал Радиосу

Ирригациялык тутумдарды оңдоо иштерине 1 млрд сом бөлүндү

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында алгач ирет ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул каражаттар ирригациялык тармактарды оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө жумшалат. Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 1,9 млрд сом бөлүндү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна дан жана башка керектүү продукцияларды сатып алуу үчүн каражат бөлүнгөн.

Үрөнчүлүк чарбаларын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1 млн 534 миң сом бөлүндү.
Президенттин тапшырмасы боюнча жогорудагы чаралар өлкөнүн агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген.

Exit mobile version