Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган Кыргызстандын өкүлдөрү менен Согди облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода баштаган Тажикстандын өкүлдөрү чек арада жаралган жагдайды талкулоо үчүн жолугушуу өткөрдү. Анда эки тарап атышууну токтотууну жана аскерлерин чыгарып кетүүнү макулдашты. Чек арадагы жаңжал кечээ, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышынан келип чыккан. Жаңжал болгон аймактан жалпысынан 24 миң 237 адам эвакуацияланып, 12 аскер жаракат алды. Учурда абал тынч.
Кечээ, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажик тарап миномёт, гранатомёт колдонушкан.
Саат 23:50дө эки тарап ок атышпоого макулдашкан. Андан соң Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн коштоосунда Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу пландалган. Бирок тажик тарап келишимди бузуп, саат 00:00дө кыргыз тарапты аткылоосун кайра баштаган.
Эки тарап андан кийин да бир канча жолу ок атышпоого макулдашкан. Бирок тажик тарап ар бир жолугушуудан кийинки келишимди бузуп, атышты токтотпой турган.
Саат 1:43тө Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын Баткендеги өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Согди облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода менен сүйлөшүп, тажик тарап аткылоосун 28-январь түнкү 2ден өткөндөн кийин гана токтоткон. Бирок ар кайсы жерден үзүл-кесил чыккан октун үнү таңга маал гана басылганы айтылды.
Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 28-январь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында абал тынч экенин, түн тынч өткөнүн билдирди.
Бүгүн эртең менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусуна барды.
Саат 11.00дө «Достук» заставасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан тараптан Раджаббой Ахмадзода баштаган делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда эки тарап атышууну токтотууга жана аскерлерин чыгарып кетүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Андан сырткары атышуунун себептери жана келтирилген чыгым боюнча айыптоолор айтылды.
УКМКнын төрагасы Ташиев кырдаалдын курчушуна алып келген тараптардын тирешүү аракеттерин дипломатиялык жол менен токтотуп, чыңалууну басаңдатуу боюнча бир катар конкреттүү чараларды сунуштады.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды УКМКнын төрагасы Ташиев төмөнкүчө билдирди.
«Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Биринчиден, кечээги болуп өткөн окуяларды иликтөө үчүн бирге комиссия түзүп, окуянын келип чыгуу себебин аныктоо. Экинчиден, көчүрүлгөн жарандарды үйлөрүнө кайтаруу боюнча ӨКМге тапшырма берилди. Кечкиге чейин адамдар өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Үчүнчүдөн, эки өлкөнүн күч түзүмдөрү жергиликтүү тургундарды тынчтыкка алып келүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Негизгиси күч түзүмдөрдү өз бөлүктөрүнө кайтаруу».
Муну менен катар тараптар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин тездетүүнү макулдашты. Камчыбек Ташиев чек арадагы абал нугуна түшкөнгө чейин Баткенде болорун белгиледи.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жылдыз Айгерчинова билдиргендей, саат 16:00дө кыргыз-тажик чек ара чатагынан жабыркап, ооруканага түшкөндөр 12ге жеткен.
«12 аскер кызматкери жаракат алды. Жабыркагандардын бардыгы Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылды. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Тиешелүү дарылануудан өтүүдө».
Ал ортодо тажик тараптын ок атуусунан свети өчкөн 6 кыргыз айылынын жарыгын күйгүзүү үчүн электр зымдарын кайра улап чыгышканын «Ошэлектр» ишканасы кабарлады. Тактап айтканда, Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Терек, Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Татыр, Жаңы-Бак, Орто-Боз, Мазейиттин жери айылдарына жарык толук берилди.
Жаңжал болгон аймактан жалпысынан 24 миң 237 адам эвакуацияланганы буга чейин кабарланган. Убактылуу баш калкалоочу жайларга көчүрүлгөн жарандарды тамак-аш жана башка керектүү нерселер менен жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги камсыздап турат.
Учурда эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып жатканын Рават айылынын башчысы Бакыт Турдуев билдирди.
Эске салсак, 2021-жылдын 28-29-30-апрелинде Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 36 кыргызстандык курман болуп, 154 адам жаракат алган. Ошондой эле 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.