2021-жылы жалпы 109 коомдук-маданий имарат салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Коомдук-маданий имараттардын 85и жаңы салынса, 24ү капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Атап айтканда, 59 мектеп, 12 бала бакча, 6 спорттук жана маданий жай, 13 таза суу менен камсыздоо курулмасы, 8 административдик имарат курулган.
Мындан тышкары 367 имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 2 млрд 787 млн 500 миң сом бөлүнгөн.