Марал Радиосу

Энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү боюнча улуттук форум өтөт

10-февралда Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги жана Энергетика министрлиги менен биргеликте «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору» аталышында улуттук форум өткөрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Иш-чаранын максаты мамлекет менен энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында иш алып барган бизнес чөйрөсү ортосунда диалог куруу болуп эсептелет.

Улуттук форумда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү келечеги талкууланат.