21-январда мугалим менен окуучунун чатагы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. Видеодогулар Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиясынын тарыхчы мугалими жана 8-класстын окуучусу экени маалым болду. Адистер мугалимдер зомбулуксуз деле тарбия берсе болору мүмкүн экенин айтышат. Бирок ошол эле учурда окуучунун жоопкерчилиги да чоң экенин белгилешет.
Окуядан кийин мугалим ишинен кеткени коомдо түрдүү пикирлерди пайда кылды. Айта кетсек, Кыргызстанда мындай учур биринчи жолу катталып жаткан жок.
CAIConsulting мекемеси окуучуларга жасалган зордук-зомбулук боюнча иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгы адистердин тынчсыздануусун жараткан. Сурамжылоого катышкан окуучулардын 83,4% жана ата-энелердин 53,1% мектептерде күч колдонуу кадыресе көрүнүшкө айланып калганын айтып беришкен.
Балдарга багыт көрсөтүү ата-энеден башталышы керек. Ал эми мугалим менен окуучунун мамилесинде окуучуларга зомбулук көрсөтүү педагогикада туура эмес деп бааланат. Бирок окуучу менен мугалимдин ортосунда жаралган чатакка социалдык абал: мугалимдердин айлыгынын аздыгы, мектептерде жетиштүү шарттардын жоктугу таасир этиши мүмкүн.
Педагогика илимдеринин кандидаты, жазуучу Куштарбек Кимсанов мындай окуялардын алдын алуу үчүн билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулуп, аларга эс алууга да түрдүү шарттарды түзүү керек экенин айтты.
«Мугалимдер окуучуларды сабап эмес, кызыктырып тарбиялоосу шарт. Элибизде, кесип ээлеринде, анын ичинде мугалимдерде нерв абдан жукарган. Жалпы социалдык абал алсыраган. Биз азыр ошондой учурда жашап жатабыз. Мугалимдерибиз бир жүктөмдөн ашыкча сабак өтөт. Мындай мугалимдер тез чарчайт, айланага мээримдин жарыгын толук чачырата албай калышат. Негизи мыкты кесип ээлери, келечекке, коомго пайдалуу инсандарды өстүрүүчү билим берүү тармагынын өкүлдөрү дайыма эс алып туруулары кажет».
Мугалимди же окуучуну бир тараптуу күнөөлөө мүмкүн эмес. Себеби ар биринин өз чындыгы бар.
Психолог Венера Урманбетованын пикиринде, мугалимдерди психологиялык окуулардан өткөрүү зарыл. Ал себебин мындайча түшүндүрдү:
«Мугалимдер окуучуларга туура мамиле кылышты билишпейт деп ойлойм. Чындыгында мугалимдердердин иши психологиялык жактан оор болгондуктан кесиптик чарчоо, башкача айтканда нервдери жукарып калат да, көп нерсени көтөрө албай балдарга катуу басым жасалып калат. Мугалимдер окуучуларды бирдей түшүнүк алат деп ойлошот. Бирок андай эмес, балдардын бири маалыматты тез кабыл алса, бири жай кабыл алат. Ушул нерселерди мугалимдер эске албайт. Ошол учун окутуучу менен балдардын ортосунда кагышуулар болуп жатат».
Мугалимдер психологиялык билимин өркүндөтүү үчүн Квалификацияны жогорулатуу институтунун 72 сааттык программасынан 5 жылда бир жолу милдеттүү түрдө өтүшөт. Учурда пандемия шарттарына байланыштуу мугалимдерге онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү берилген.
Мугалим менен окуучунун ортосундагы жаңжалды алдын алуу иш-чаралары да өтүшү зарыл. Окуучу азыр мугалимге кол көтөрсө, чоңойгондо ата-энеге кол көтөрүү коркунучу бар экенин Билим берүү жана илим министрлигинин мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдыласова эскертти.
«Бүгүнкү күндө интернет деген да тарбия бар. Эгер мектептин мугалимдери менен ата-энелер тыгыз байланышта болуп, бул көйгөйдү жокко чыгарбасак, келечекте окуучунун турмушуна зыян тийгизип коюшубуз мүмкүн. Бүгүнкү күндө ал азыркы окуучу мугалимге кыйкырып, сөгүнүп, кол көтөрүп жатат, эртеңки күндө ал бала чоңойгондо кимге кол көтөрөт, ата-энесинеби? Ошол маселелерди да карап чыгышыбыз керек. Түшүндүрүү иштерин ата-энелер менен чогуу жүргүзүшүбүз керек».
Мугалимдин тышында мындай абалда окуучунун да жоопкерчилиги тууралуу сөз кылуу абзел. Окуучунун мугалимге карата мамилесин да унутпоо зарыл. Болбосо, мектептеги кичинекей инцидент коомчулукка таасир берет дейт Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов.
«Демек, окуучу өз укугун билет экен, макул, ал өзүнүн жоопкерчилигин билеби? Өзүнүн жүрүш-турушу менен, сөгүнгөнү менен, болбосо бирөөнү ызалантуусу менен мектеп жамаатына кандай таасир тийгизип жатат? Атайын сабакты берем деп даярданып келген мугалимдин маанайын түшүрүп, ошол күндүн баарын жокко чыгарат. Ал мугалим үйүнө барат, анан ал таасир берет. Демек, бул мектептеги чакан инцидент коомчулукка да таасир берет».
Мындан бир нече жыл мурун Сузак районундагы Ленин айылында мугалим менен окуучу суу талаша кетип, 18 жаштагы бала мугалимин кетмен менен чаап жиберип, окуучуга «бейбаштык» беренеси менен козголуп, окуя сот ишине чейин жеткен.