Марал Радиосу

Дзюдо боюнча улан-кыздар арасында өлкө биринчилиги өтөт

Бишкек шаарында уландар жана кыздар арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 29-30-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

Мелдеш 16 салмак категорияда: 8 салмак категория уландар арасында жана 8 салмак категория кыздар арасында өтөт.