Марал Радиосу

Калемсаптын капкагын жутуп алган 1-класстын окуучусу каза болду

Ош шаарындагы №48 мектептин 1-классынын калемсаптын капкагын жутуп алып, каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

26-январда болжол менен саат 16:30да 1-класстын окуучусу сабак учурунда калемсаптын капкагын оозуна салып ойноп жатып, капыстан жутуп алган. Дем алуусу кыйындап, ага биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Юсупованын айтымына караганда, балага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, дароо ооруканага жеткирилгенине карабастан, ал тез жардам унаасында каза болгон.