Марал Радиосу

Азия чемпионатында Кыргызстандын эки мушкери финалга чыкты

Ташкентте өтүп жаткан 22 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын эки мушкери финалга чыкты.

Турнирдин жарым финалдык беттештери бүгүн өтүп жатат. Бул баскычка Кыргызстандан 7 спортчу чыккан.

Мирзахид Имамназаров (63 кг) менен Султан Асанкул уулу (67 кг) жарым финалдык беттеште жеңишке жетип, финалга өтүштү.

Турнирдин финалдык беттештери 29-январга белгиленген.