Марал Радиосу

COVID-19: Улуу Британия беткап тагынуу режимин алып салды

Коронавируска каршы жергиликтүү жеңиш. Мындай ураан менен Улуу Британия беткап режимин, аралыктан иштөөнү жана COVID-паспортту алып салды. Бул чектөөлөр «омикрон» штаммынын жайылышына байланыштуу декабрда киргизилген.

Эми кафе-ресторандар кардарлардан санариптик сертификаттарды талап кылуу же кылбоо маселесин өздөрү чечиши мүмкүн. Беткап тагынуу мындан ары эч жерде талап кылынбайт, бирок өкмөт эл көп жайларда беткапсыз жүрбөөнү сунуштоодо.

Бийлик бул ийгиликти эмдөө кампанияларынын тыкыр жүргөнүнө байланыштырат. Расмий маалыматтарга караганда, Улуу Британия калкынын дээрлик 85%ы эмдөөдөн өтүп бүткөн.

Обочолонуу 14 күндөн 5 күнгө кыскарды. 24-марттан кийин бул режим да толук жоюларын жергиликтүү басылмалар кабарлады.