Марал Радиосу

«Чарба жерин ижарага берүү токтому социалдык теңсиздикке алып келет»

Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында «Айыл чарба кооперативдерин, үрөн жана асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» токтом кабыл алган. Мунун негизинде чарба жерлерин мамлекеттик фонддун эсебинен ижарага берүү шарттары бир кыйла өзгөрүүгө учураган. Бул карапайым малчы-дыйкандарды бушайманга салууда. Айрыкча, «ири кооперативдер мамлекеттик фонддун эсебиндеги жердин 75%ына ээ боло алат» деген жобого каршы чыгышып, карапайым адамдар жеринен ажырап каларын айтышууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Ысык-Ата районундагы Люксембург айылынын тургуну Болот Бексултанов 15 жылдан бери дыйканчылык менен тирилик өткөрүп келет. Ал кабыл алынган бул токтом карапайым дыйкандарды эң негизги ресурсу делген айдоо жеринен ажыратып, түйшүккө салып жатканын айтат.

Мурда ири кооперативдер, үрөн чарба жана асыл тукум мал чарбалары Айыл чарба фондунун 25% гана жерин 5 жылдык мөөнөткө ижарага алып келсе, азыркы жаңы токтомго ылайык 75% жерди мөөнөтсүз алуу укугуна ээ болушкан.

Дыйкандын айтымында, айыл чарба жеринин басымдуу бөлүгүн ири кооперативдер ээлеп алса, азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч жаралышы мүмкүн.

«Биздин талап мурдагыдай эле калтырсын, 25%ын ала беришсин. Мына эми дыйкандар: «Орусияда жер көп экен, кетели; Америкага кетели», — деп калышты. Иштегенди билген туруктуу дыйкандар пайда болгон. Бул токтомдон кийин дыйкандарга жер жетпей, өнүгүү токтоп калат. Жерди көбөйтүп, ошону эсеби менен төлөйбүз деп, лизингге техникаларды алып алганбыз. Эми эмне болот билбейм». 

Токтомдо аукциондорго асыл тукум мал баккан фермасы, 200 гектар жери, агротехника станциясы бар ири чарбалар гана катышууга мүмкүнчүлүк алары көрсөтүлгөн.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков бул токтомду кабыл алуунун максаты өлкөдө жетиштүү үрөн өндүрүү, асыл тукум малдын санын көбөйтүү жана Кыргызстанда айыл чарба кооперативдерин талаптагыдай деңгээлде уюштуруу экенин айтты.

«Урматтуу жердештер, ушул жасалып жаткан иш — айыл чарбанын өнүгүшүнө болгон аракет. Экинчиден, ар бир дыйкандын сапаттуу үрөн алуусуна, ар бир малчынын асыл тукум мал багуусуна мүмкүнчүлүк түзүп бергенге аракет кылып жатабыз. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, бардыгыңыздарды түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенем. Элди козутуп, туура эмес маалымат берип, бүлүк салам деген жолдошторду «аныңыздарды коюңуздар» деп чакырар элем».

Техника илимдеринин кандидаты, фермер Манас Саматов токтомго каршы. Себеби бул мыйзам социалдык теңсиздикке алып келет. Ал бул маселеге өтө кылдат мамиле кылуу керектигин белгилеп, аягы чыр-чатакка алып барышы мүмкүн экенин эскертти.

«Министрлер кабинети даярдаган №309 токтом — өтө опурталдуу долбоор. Бул жердеги былыктардын башы эми көрүнүп жатат. Байларды жер салыгынан бошотуп туруп, эми ошол жерлерин айыл чарба мамлекеттик фондунун трансформация болгон жерлерин өзүнө ыйгарып алууну болжолдогону ачыкка чыгып жатат. Ошондуктан мен буга каршымын. Жер менен азилдешип болбойт. Муну адилет чечүү керек. Антпесек жалпы эл көтөрүлөт. Ошондуктан буга этият мамиле кылып, элдин талкуусуна коюшбуз керек». 

Мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев бул токтомду кабыл алуу туура эмес чечим болгонун, кайсы бир ири корпорациялардын кызыкчылыгы үчүн гана жазылганын айтат. Экс-министр дыйкандардын баарына бирдей шарт түзүп берүү керектигин өз сөзүндө белгиледи.

«Бул жерде бардыгына бирдей шарт түзүп берүү керек. Конкурсту электрондук аукцион түрүндө жүргүзүп, ал жакка андай чектөөлөрдү койбоо керек. Кааласа дыйкандар жеке же кооперативдер, үрөн чарбалар аркылуу катышса боло тургандай болуусу кажет. Чектөө болсо да 75% эмес, менин оюмча, 25% деп бөлүп койсо болот эле. Калган 75%ына ачык конкурс өткөрүп, баары аукционго ачык катыша ала турган мүмкүнчүлүк түзүү керек». 

2021-жылдын статистикасы боюнча өлкөдө 1 млн 200 миң гектардан ашуун аңыз-шалбаа бар, анын 270 миң гектары Айыл чарба мамлекеттик фондунун эсебинде турат.

2021-жылы эң көп кант кызылчасы, андан тышкары буудай, арпа, жүгөрү, картошка айдалган.

Exit mobile version