Марал Радиосу

Алимбаев: Өзгөчө статуска кирбей калган айылдар боюнча иштеп жатабыз

Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын тизмесине чек арага жакын айрым айылдар кирбей калган экен. Биз алар кайсы айылдар экени боюнча да маалыматыбыз бар. Учурда ошол 62 айылдын тизмесине кирбей калган айрым айылдар боюнча иштеп жатабыз. Бул маселени мен өзүм жеке чече албайм. Бул боюнча Өкмөттүн атайын комиссиясы да түзүлгөн. Кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз. Мындай пикирин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Аталган тизмедеги өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактары Кыргыз Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы № 359 токтомунун негизинде кабыл алынган.

Баткен облусундагы өзгөчө статустын алкагында жеңилдиктерди ала турган 62 айылдын тизмеси:

Лейлек району
Баткен району

Кадамжай району

  • Ак-Турпак айылдык аймагы: Өтүкчү, Калача, Кызыл-Коргон Ак-Турпак жана Чоң-Кара айылдары;
  • Алга айылдык аймагы: Чуңкур-Кыштак, Алга жана Адыр айылдары;
  • Бирлик айылдык аймагы: Чечме, Сырт жана Ынтымак айылдары;
  • Абсамат Масалиев айылдык аймагы: Какыр жана Лесхоз айылдары;
  • Көтөрмө айылдык аймагы: Ак-Кыя жана Кара-Шоро айылдары;
  • Кыргыз-Кыштак айылдык аймагы: Кыргыз-Кыштак жана Кайтпас айылдары;
  • Халмион айылдык аймагы: Ынтымак, Көк-Тал, Чекелик, Жошук, Жаңы-Айыл, Ирилеш, Гүлдүрөмө (Жаңы-Жер участогу), Ноогардан, Халмион айылдары.