Марал Радиосу

Футзал: Кыргызстан Иранга экинчи ирет утулуп калды

Тажикстанда өтүп жаткан футзал боюнча CAFA Women’s Championship 2022 эл аралык турниринин алкагында Кыргыз курама командасы Иранга экинчи ирет утулуп калды.

Экинчи оюн кечээ, 25-январда өтүп, анда Кыргыз курамасы 5:0 эсебинде жеңилген.

Бул Кыргыз улуттук курама командасынын аталган турнирдеги үчүнчү ири жеңилүүсү. Улуттук курама турнирдеги алгачкы жолугушуусун Тажикстан курама командасына каршы өткөрүп, 1:1 эсебинде тең чыккан. Экинчи оюнда Өзбекстанга 11:0 эсебинде жеңилип калган. Үчүнчү оюн 24-январда өтүп, анда Кыргыз курамасы Иранга 0:10 эсебинде жеңилген.

CAFA Women’s Futsal Championship-2022 турнири 29-январда аяктайт. Турнирге Кыргызстан, Иран, Өзбекстан жана Тажикстан курама командалары катышууда