Марал Радиосу

Депутат: Журналисттик иликтөөгө маданияттуу ыкма менен жооп бергиле

Журналисттер иликтөөсүнө жооп берерде алардын жеке жашоосуна аралашпай, маданияттуу жол менен жооп берүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 26-январдагы жыйынында айтты.

«Иликтөө туура эмеспи, жалган болобу, журналисттерге цивилдүү жол менен жооп берүү керек. Анын жолдору бар. Пресс-конференция уюштуруп же пресс-релиз берип жана башка. Бирок аларга басым кылып, жеке жашоосун видеого тартып, аны жарыялап, эми ушундай деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өзү эле уят болуп жатат. Атайын кызмат, Башкы прокуратурага айтат элем, цивилдүү метод менен жооп берсеңер», — деди депутат.

20-январда Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялаган. Андан эки күн өткөндөн кийин эле аталган каналдын кеңсесине беткапчан милиция кызматкерлери кирип барып, тинтүү кылышкан. Иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзатка байланыштуу кармап, колун кайрып, алып кетишкен, бир күндөн кийин жарандык коомдун катуу талабынан кийин коё берилген.

25-январда социалдык тармакка Temirov LIVE YouTube каналында иштеген журналисттин жеке жашоосуна байланыштуу видео тасма таратып жиберишкен. Бул коомчулукта нааразылык жаратууда.