Марал Радиосу

Жалал-Абад: Жети аймакта электр жарыгы берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул, Сузак, Ноокен, Базар-Коргон районуна электр жарыгы берилди. Бул тууралуу «Жалал-Абад электр» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кочкор-Ата шаарларында да жарык күйдү.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев саат 16:00гө карата өлкөдө 60 пайыз электр жарыгы берилгенин айткан.

Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жарык өчтү. Бул Борбор Азия мамлекеттеринин бирдиктүү энергосистемасындагы аварияга байланыштуу болду. Бирок азырынча кырсык эмнеден болгону белгисиз.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров авария Кыргызстандын аймагында болбогонун билдирди.