Марал Радиосу

Бекмурзаев: Ысык-Көл жана Нарында электр жарыгы берилди

Ысык-Көл жана Нарында электр жарыгы калыбына келтирилди. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча колдонуучулардын 50 %дан ашыгына берилди.

«Калгандары бир нече сааттан кийин калыбына келтирилет», — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган.

«Улуттук энергохилдингдин» басма сөз кызматынын маалыматына караганда, авария Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык системасынын (UES CA) өлкөлөрүнүн биринде болгон.