Марал Радиосу

Министр: Авария эмнеден болгону белгисиз, эч кандай версиябыз жок

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев энергетика системасындагы кырсык эмне себептен чыкканы азырынча белгисиз экенин 25-январда өткөн брифингде кабарлады.

«Менде окуя боюнча эч кандай версия жок. Буга эч кимди айыптоого да болбойт. Азыр эң негизгиси электр энергиясы бар, бериле баштады. Жакынкы убакытта толук берилип бүтөт. Бул окуя боюнча мамлекеттер аралык комиссия иштеп, иликтөө иштерин жүргүзөт. Биздин система параллелдүү иштейт», — деди министр. 

25-январда Кыргызстандын аймактарында электр энергиясы жапырт өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы электр жарыгы Борбор Азия боюнча өчкөнүн кабарлап, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире турганын билдирген.