21-январда Кыргыз футбол союзунун жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган уюм билдирди.
Жыйын жол кырсыктан каза тапкан «Нур-Баткен» клубунун футболчулары Алимов Асадбек менен Махмудов Жахонгирди эскерүү менен башталды.
Андан тышкары Кыргыз футбол союзунун ишмердигине байланышкан маселелер каралып, 2022-жылда өтө турган оюндардын, беттештердин реестри бекитилди.
Ошондой эле төмөнкүлөр курама командалардын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды:
Улуттук курама — Александр Крестинин;
Жаштар командасы/Олимпиада курамасы — Максим Лисицын;
2005-жылы туулган жаштар курамасы — Холковский Олег;
2006-жылы туулган жаштар курамасы — Сүймалиев Самат;
2007-жылы туулган жаштар курамасы — Чекиров Мирлан.