Марал Радиосу

35 миң сомдук телефонду уурдап кеткен адам колго түштү

Мобилдик телефонду уурдоого шектелип жаткан жаран 18 күндөн кийин колго түштү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

3-январда Ленин райондук милициясына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Белгилүү болгондой, 2-январь күнү кечки саат 19:20 чамаларында Чынгыз Айтматов проспектиндеги соода борборлордун биринин жанынан белгисиз бирөө арыз ээсинин уулунун 35 миң 500 сомдук Самсунг S-10 чөнтөк телефонун байкатпай алып, качып кеткен.

Факт бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, иликтөө башталган. Издөөнүн натыйжасында кылмышка шектелип, 1961-жылы туулган А. Н. колго түшүп, тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Ленин райондук сотунун чечими менен шектүү 18 күнгө камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.