Марал Радиосу

Футзал: Кыргызстан менен Тажикстан тең чыкты

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Душанбе шаарында өтүп жаткан CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешине катышуда.

Кыргызстан курамсы алгачкы беттешинде Тажикстан менен оюн өткөрүп, 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Бүгүн, 22-январда эл аралык турнирдин экинчи оюн күнүндө Кыргызстан Өзбекстан курамасы менен ойнойт.

CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдеши 29-январда жыйынтыкталат.