Дүйнөдө сутка ичинде коронавирусту жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу ДССУ билдирди.
Маалыматына ылайык, сутка ичинде 3 млн 777 миң 104 адамдан COVID-19 илдети табылып, 8 миң 741 адам каза тапкан.
Пандемия башталгандан бери коронавирустан 5 млн 560 миң 718 адам көз жумган.
АКШда — 67 млн 437 миң 353, Индияда — 38 млн 218 миң 773, Францияда — 14 млн 779 миң 277 адам вирус жугузуп алганы аныкталып, дүйнө жүзүндө жарандары эң көп ооруган өлкө катары катталды.