Марал Радиосу

Талас облусунда COVID-19ду изилдөөчү лаборатория ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жасаган иш сапарында COVID-19ду аныктоочу вирусологиялык лабораториянын ачылышына катышты.

Талас облусунун ооруканалары буга чейин COVID-19ду аныктатуу үчүн ПЧР-анализди Бишкекке жөнөтүп келишкен болсо, мындан ары жеринде эле изилдөөгө шарт түзүлгөн.

ПЧР-лаборатория заманбап алдыңкы жабдуулар менен жабдылып, күнүнө 800гө чейин анализди изилдеп чыгууга күчү жетет.

Алдыңкы жылдарда лабораториянын тармагын кеңейтип, башка да ооруларды изилдөө иштерин жүргүзүү пландалып жатат.

Акылбек Жапаров мындай лабораториялар өлкөнүн бардык аймактарында ачылышы керек экенин айтты.