Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Таластагы эки мектепке капсула салды (сүрөттөр)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жасаган иш сапарында бир катар ишканаларды кыдырып, эки мектептин пайдубалына капсула салды.

Алгач Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Арашан» сүт заводуна, андан соң Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы кант заводуна барды.

Андан соң «Ас-Сафа» борбору салып берип жаткан Талас шаарындагы Р. Рысаков атындагы №2 мектептин кошумча имаратынын, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы орто мектептин имаратынын пайдубалына капсула салды.

Андан тышкары Чоң-Капка капчыгайындагы Киров суу сактагычында болуп, жаңы «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышты.

«Бала-Саруу» гидроэлектростанциясын куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турган, жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭСти курууну болжолдойт.

Станцияны курууга Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 22,9 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Учурда жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланган.

Exit mobile version