Марал Радиосу

АЭС куруу Кыргызстанды энергетикалык эркиндикке чыгарабы?

Энергетика министрлиги Орусиянын мамлекеттик «Росатом» компаниясы менен кеңири кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Анда Кыргызстанды энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жеткирүү үчүн кыргыз тарап атомдук электр станциясын курууга кызыкдар экени белгиленди. Мындай демилге коомчулукта эки ача пикир жаратып, станциянын салынуусу экологияга олуттуу коркунуч жаратат дегендер да бар.

20-январда Дубайда өткөрүлгөн «ЭКСПО-2020» дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Росатом» компаниясы энергетиканы өнүктүрүү тармагындагы кеңири чөйрөдө кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Аталган меморандумда аз кубаттуу атомдук электр станциясын (АЭС) биргелешип куруу боюнча да маселе көтөрүлгөн.

«Росатом» компаниясы — атомдук энергетика боюнча Орусиянын мамлекеттик корпорациясы. Ал энергетика, машина куруу жана курулуш тармактарында да иш алып барат.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова АЭСти курууга Кыргызстан болгону кызыкдар экенин гана билдирди. Анын качан салынышы азырынча белгисиз.

 «Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе Кыргызстан тарап болгону кызыкдар экенин билдирди. Деталдуу түрдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок. Ал ишке ашуусу үчүн көптөгөн баскычтардан өтүшү керек. Документтер боюнча да көптөгөн иштер жүргүзүлүшү керек экенин белгилейбиз. Бир гана атомдук электр станция курулат экен деген да сөздөр айтылып келет. Бул — жаңылыштык. Себеби ал жакта нанотехнология, экологиялык коопсуздук, гидроэнергетика жана башка багыттарда да иш алып барылат. Эң негизгиси, улуттук кызыкчылык үчүн бардык иш жүргүзүлөт».

Жылуулук электр борборуна караганда АЭСтердин коопсуздук чаралары 40 эсе жогору. Азыркы күндө атомдук электр станциялары дүйнөдөгү өндүрүлгөн энергиянын 16 пайызын берип, дүйнөнүн 32 мамлекетинде 193 атомдук электр станция иш алып барат. Илимий изилдөөлөргө таянып, адистер атомдук электр станциялары экологиялык жактан таза экенин айтышат.

Физика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев АЭСтин Кыргызстанга курулушун колдойт. Ал өлкөнүн келечеги илимий жогорку технологияны өздөштүрүүдө деген пикирин айтты.

«Мен муну физик катары «ашык дөөлөт баш жарбайт» деген принцип менен караганыбыз туура болот деп эсептейм. Анткени гидроресурстар кандай абалда болуп жатканын көрдүк, Кумтөр маселеси менен мөңгүлөрдүн эришине өзүбүз да күнөөлүбүз. ЖЭБ боюнча болсо, нефть көмүр кычкыл газы продукциялары, мазут, газдын керектиги, бизди түйшүккө салгандай кымбат болуп жатат. Ошондуктан эч тартынбай, коркпой эле АЭС долбоорун карап көрүшүбүз керек».

Ал эми Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрөгасы Дүйшөнбек Камчыбеков АЭСтин курулуусу экологияга чоң зыян алып келет деген ойдо. Анын айтуусу боюнча, сонку мезгилде дүйнө мамлекеттери АЭС колдонуу тажрыйбасын жокко чыгарууда. Анын ордуна чакан ГЭСтерди куруу пайдалуу. Бул экологияга да зыяны тийбей, таза энергия болот.

«Менин пикиримде, мындан баш тартышыбыз керек. Бизге кереги жок. Анткени бүгүнкү күндө биз суу энергиясынын потенциалын 10% пайдаланып жатсак, дарыяларыбыз турса, ага курула турган, аныкталган жерлер турса, ошол жерге ГЭСтерди куруп, ошону пайдалансак, ошол таза энергетика  болмок».   

Шамал жана Күн электростанциялар ассоцациясынын жетекчиси Кундуз Кырбашева АЭСтин башка энергия булактарынан айырмасы деле жок экенин айтат. Анын айтымында, эгер жетиштүү коопсуздук чаралары көрүлсө, мындай энергия станциясынын  зыяны жок.

Муну менен катар башка энергия булактарын, мисалы, суу, шамал энергиясын өндүрүүчү станцияларды курууга, өнүктүрүүгө болот. Бирок кабыл алынган мыйзамдардын чийкилиги буга жолтоо болуп келет.

«Мен канча сыртта жүрөм, инвесторлор менен сүйлөшөм, кеп акча маселесинде эмес, керек болсо, кеп тариф маселесинде эмес, кеп өзүбүздө, кеп мыйзамдарда. Кеп ошол мыйзамдардын бири-бирине карама-каршы келишинде. Эң башкысы, анын баарын Энергетика министрлигине жүктөп койгонубузда».

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи ирет 2018-жылы Өзбекстанда аты аталган «Росатом» компаниясы тарабынан АЭС курулары айтылып, бирок баштала элек. Бул долбоордун жалпы баасы 11 млрд долларга бааланып, 2028-жылга бүткөрүү мерчемделген.

Буга чейин Казакстан да Бишкекке 342 чакырым аралыкта Алматы облусунда АЭС куруу планы бар экенин жарыялаган.

Exit mobile version